Жети-Өгүз районунда жетим балага үй куруу үчүн жер тилкеси берилдиГутерриш: кийинки пандемия сөзсүз болот, ага азыртан даярдануу керекУКМК айдоочулук күбөлүктөрдү мыйзамсыз берүү фактысын аныктады«Чекиш-Ата» базарында эркек киши ок чыгарды — жабыркаган адам барСадыр Жапаров: Жыл аягына чейин 20 миңден ашык үй-бүлө батир алат26-сентябрь: өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаайт
Кыргызстанда койдун жүнүнөн жасалган органикалык жер семирткич сыноодон өттү
15.09.2025 | 14:54

Кыргызстандык жана чет өлкөлүк окумуштуулар жүндөн алынган жаңы органикалык жер семирткичти изилдеп чыгышты.
Айыл чарба министрлиги маалымдагандай,бул жер семирткичтин курамындагы азоттун көлөмү 15%га чейин жетери аныкталды. Анын өзгөчөлүгү азот акырындык менен бөлүнүп чыгып, өсүмдүктөргө туруктуу азык болору.
Мындан тышкары, жер семирткичтеги күкүрт, аминокислоталар жана кератин топурактын түзүлүшүн жакшыртып, нымды узакка сактап, жумшартууга өбөлгө түзөрү белгиленди.
Окумуштуулардын айтымында, жүн жай чиригендиктен жер семирткичтин таасири да узак мөөнөткө созулат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом