Эл аралык олимпиада комитети аялдар арасындагы мелдештерге трансгендерлердин катышуусуна тыюу салдыБишкекте Кожевенная көчөсү оңдоого жабылатКыргызстанда органдарды трансплантациялоо программасы кеңейтилүүдө: бөйрөк бекер алмаштырылат, кезекте — боорКыргызстандын Анталия шаарындагы башкы консулу алмашты28-март: Күн ачык жана жылуу болотКыргызстанда айына 1000 тонна продукция чыгаруучу заманбап сүт заводу курулат
Кыргызстанда кубаттуулугу 100 МВт болгон биринчи күн электр станциясы ишке киргизилди
24.12.2025 | 13:52
Бүгүн Чүй облусунун Кемин районунда өлкө тарыхындагы алгачкы ири күн электр станциясынын (КЭС) ачылышы болду. Ишкананы ишке киргизүү аземине президент Садыр Жапаров катышты.
Жаңы энергетикалык объекттин кубаттуулугу 100 мегаватты түзүп, 230 гектар аянтты ээлейт. Долбоор түз чет элдик инвестициялардын эсебинен ишке ашырылды: кытайлык компания станциянын курулушуна 56 миллион АКШ долларын жумшаган.
Белгиленгендей, бул объекттин ишке кириши Кыргызстанда кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болуп саналат жана республикадагы энергия таңкыстыгын кыскартууга салым кошууга багытталган.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика