Чүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулатСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды15-мартка карата аба ырайы
Кыргызстанда күйүүчү майга көзөмөл күчөтүлөт — өкмөттүн чечими
09.10.2025 | 10:11

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөнүн ички рыногун нефть жана нефть продуктылары менен камсыздоо маселелерине арналган кеңешме өткөрдү.
Өкмөттүн маалыматында айтылгандай, тиешелүү министрликтер менен мекемелер учурдагы кырдаал боюнча маалымат берип, көйгөйлөрдү чечүү багытындагы сунуштарын айтышты.
Кеңешмеде буга чейин кабыл алынган чечим – Кыргыз Республикасынан Евразия экономикалык союзуна кирбеген өлкөлөргө нефть жана нефть продуктыларын экспорттоого убактылуу тыюу салуу чечими эске салынды.
Жыйынтыгында Адылбек Касымалиев тиешелүү мамлекеттик органдарга:
- күйүүчү майга болгон бааны көзөмөлдөө,
- жетиштүү көлөмдө резервдерди түзүү,
- рыноктогу өзгөрүүлөргө өз убагында чара көрүү боюнча так тапшырмаларды берди.