Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, 2022-жылдын январь-июнунда республиканын аймагында 23,3 миң кылмыш катталган, алардын саны 2021-жылдын январь-июнуна салыштырмалуу 0,7% төмөндөгөн. Мында кылмыштардын басымдуу саны (алардын жалпы санынын 63% дан ашыгы) Бишкек шаарында жана Чүй облусунда жасалган. Бул туурасында Улуттук статистика комитетинен билдирди.
Маалыматка караганда, оор жана өзгөчө оор кылмыштардын саны дээрлик 30%га төмөндөдү.
Кылмыштардын негизги бөлүгү (73% дан ашыгы) жеке менчикке каршы кылмыштар болду. 2021-жылдын январь – июнь айларына салыштырмалуу алардын саны республика боюнча дээрлик 12% га өстү, бул негизинен уурулуктун 1,4 эсеге, талап – тоноонун 15% га жана тоноонун 5% көбөйүшү менен шартталган. Муну менен бирге, опузалап талап кылуу 2,5 эсеге жана алдамчылык фактыларынын саны– дээрлик 24%. азайганы катталды
Жалпы республика боюнча жеке адамга каршы кылмыштардын саны өткөн жылдын январь-июнь айларына салыштырмалуу 1,4 эсеге көбөйдү. Муну менен катар зордуктоо жана зордуктоого аракет кылуу, ден соолукка оор зыян келтирүү – 4,4% га жана киши өлтүрүү учурларынын саны — 2,1% га төмөндөдү.
Баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө байланышкан кылмыштардын санынын дээрлик 23%га көбөйгөн. Мындай кылмыштардын эң чоң үлүшү (62%га жакыны) баңги заттарды сатып өткөрүү максатында сактоо менен байланышкан жана 32%га жакыны — баңги заттарды сатууну максат кылбастан сактоо менен байланышкан.
2022-жылдын январь-июнунда коомдук жайларда жасалган бир миңден ашык кылмыш иши катталды, алардын ичинен эң көп саны уурулук (39%), ээнбаштык (17%) жана тоноо (9%) учурларына туура келди.
Кылмыштардын санынын кыйла төмөндөшү Ысык-Көл (33,7% ), Талас (24,1% ) жана Ош (18,4% ) облустарында белгиленди.