Кыргызстанда «Кыргыз Туусу» маалымат-басма үйү» мамлекеттик мекемеси түзүлдү

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев «Кыргыз Туусу» маалымат-басма үйү» мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө токтомго кол койду. Документ мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарын өнүктүрүү жана чыңдоо үчүн кабыл алынды.
Жаңы мекеме төмөнкү төрт редакцияны бириктирүү жолу менен түзүлдү:
- «Кыргыз Туусу» басма үйү;
- «Слово Кыргызстана» басма үйү;
- «Байчечекей» балдар журналынын редакциясы;
- «Ала-Тоо» адабий-көркөм журналынын редакциясы.
Бирдиктүү маалымат-басма үйүн түзүүнүн максаты — мамлекеттик медиа системасын модернизациялоо, башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана бирдиктүү редакциялык саясатты ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү.
Токтом менен мекеменин жобосу, штаттык саны, эмгек акы төлөө коэффициенттери жана кызматкерлерге коюлуучу квалификациялык талаптар бекитилди. Жаңы түзүмгө «Кыргыз Туусу» жана «Слово Кыргызстана» улуттук гезиттери, ошондой эле «Байчечекей» жана «Ала-Тоо» журналдары кирди.