Бишкектин Асаналиев көчөсүндөгү темир жол өтмөгүндө унаа кыймылы чектелетЭкинчи ата-эненин макулдугусуз. Балдардын чет өлкөгө чыгуусу жеңилдетилиши мүмкүнБишкекте Чүй проспектисинин оңдолгон бөлүгү ачылдыБишкекте жети өлкөнүн компаниялары катышкан эл аралык өнөр жай көргөзмөлөрү өтөтСанитардык талаптарга жооп бербейт: Өзгөн районундагы мал союучу жай жабылдыКыйылган бир дарактын ордуна бешөө. ЖКда бак-дарактарды коргоонун жолун сунушташты
Чоң-Кеминдеги талаадан уча албай калган ак куу табылды
17.02.2026 | 11:05

16-февралда Чоң-Кемин мамлекеттик жаратылыш паркына жакын аймактан уча албай калган ак куу табылды.
Жаратылыш ресурстары министрлигинин маалыматында, ак куу парктан 2 чакырым алыстыктагы Шабдан айылынын айдоо аянтында жүргөн. Жергиликтүү тургундар канаттууну кармап, парктын кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Аталган факт боюнча тиешелүү акт түзүлүп, ак куу «Бугу Эне» жаныбарларды калыбына келтирүү борборуна жеткирилген. Учурда ага адистер тарабынан ветеринардык кароо жүргүзүлүп, реабилитациялык жардам көрсөтүлүп жатканы айтылды.
Министрлик жарандарды жапайы жаныбарларга аяр мамиле кылууга, аларды мыйзамсыз кармабоого жана ушундай жагдайлар катталган учурда тиешелүү кызматтарга ыкчам кабарлоого чакырат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом