Өлкөдө мал-жандыкты жазгы эмдөө активдүү жүрүп жатат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, учурда 2025-жылга карата эпизоотияга каршы күрөшүү иш-чаралар планы төмөндөн жогору карай малдын чыныгы башына, эпизоотиялык абалын эске алуу менен план түзүлүп, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылып бекитилди.
Бекитилген пландын негизинде Ветеринардык кызмат тарабынан райондук жана шаардык башкармалыктарга эмдөө иштерин өз убагында аткаруу максатында биокаражаттар бөлүштүрүлүп, жеткирилип берилген.
Малдын төмөнкү жугуштуу ылаңдарына каршы вакциналар жарым жылга толук камсыз болду. Алар:
— шарп;
— сибирь жарасы;
— кой-эчкилердин күл ылаңы;
— кой-эчкилердин кыргыны;
— кутурма;
— бруцеллез.
Диагностикалык каражаттар:
— туберкулин ППД (сүт эмүүчүлөрдүн);
— канатуулардын Туберкулини.
Эхинококкоз жана альвеококкозго оорусуна каршы таблетка:
— азинокс (празиквантел).
Дезинфекциялык каражаттар:
— гипохлорит кальция.
Райондук жана шаардык ветеринардык башкармалыктардын башчыларына биокаражаттарды муздаткычта ветеринардык талаптарга ылайык сактоо, сапаттуу жана коромжусуз пайдалануу боюнча тапшырмалар берилип, көзөмөлгө алынган. Бүгүнкү күндө жеринде эпизоотияга каршы иш-чаралар пландык негизде жүрүп жатат.
Малдардын жугуштуу ылаңдарына каршы алдын ала эмдөө
иш-чараларанын аткарылышы (2025-жылдын 1 айынын жыйынтыгы) төмөнкүдөй:
- бодо малдын шарп ылаңы — 360,8 миң баш же 38%;
- кой-эчкилердин кыргыны — 295,3 миң баш же 49%;
- кой-эчкилердин күл ылаңы — 373,0 миң баш же 63%.
Сибирь жарасы боюнча:
- бодо мал — 152,9 миң же 47%;
- кой-эчки — 368,0 миң же 45%;
- жылкы — 27,9 миң же 44 %.
Сибир жарасы ылаңын алдын алуу үчүн жылына эки жолу жазында жана күзүндө ветеринардык адистер тарабынан санациялоо иштери жүргүзүлүп турат. Райондук башкармалыктарга жазгы жана күзгү санация иштери үчүн 19 миң 300 кг хлор таратылып берилген.