Айга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөтАйтматов проспектисинде кире бериш жолдор ачылып, жаңы жолдор курулатБишкекте көп функционалдуу жаңы спорт комплекс ачылды
Кыргызстанда мамлекеттик дарыканалар ачылат
06.10.2023 | 13:56
“Кыргызфармация” ишканасы алкагында 35 мамлекеттик дарыкана ачылат. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште «Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө» жана «Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө» мыйзам долбоорлорун талкуулоо боюнча парламенттик угууда саламаттыкты сактоо министрлиги Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
Анын айтымында, мамлекеттик дарыканалар өлкөнүн баардык аймактарында иштей баштайт.
“Дарылардын сапаты жакшы жана баасы арзан болот. Бул фармация тармагындагы бааларды элге жеткиликтүү кылууга мүмкүнчүлүк түзүлөт”, – деди ал.
“Кыргызфармация” 2023-жылдын март айында түзүлгөн. Анын бюджети 1 миллиар сомду түзөт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом