Кыргызстанда мамлекеттик тил боюнча мыйзамдар топтомун Конституцияга каршы келет деп аташты

Кыргызстанда мамлекеттик тил боюнча мыйзамдар топтомун Конституцияга каршы келет деп аташты

Кыргызстанда жаңы тил саясатын түзүүгө багытталган 18 мыйзам долбоорунан турган топтом парламентте биринчи окуудан өттү, бирок Конституцияга жана колдонуудагы мыйзамдарга көптөгөн карама-каршылыктардан улам катуу сынга кабылды. Жогорку Кеңештин депутаты Гүля Кожокулованын пикиринде, бул түзөтүүлөрдү кабыл алуу жарандардын укуктарын бузуп, олуттуу социалдык жана экономикалык көйгөйлөргө алып келиши мүмкүн.

Бул тууралуу парламентарий «Ой Ордо» аналитикалык борбору уюштурган «Айып пул салуу же өнүктүрүү: Кыргызстандын тең салмактуу тил саясатынын мыйзамдык механизмдери» аттуу тегерек столдо билдирди.

Кесиби боюнча юрист болгон Гүля Кожокулованын айтымында, көптөгөн депутаттар «мамлекеттик тилге каршы» көрүнүүдөн кооптонуп, сунушталган өзгөртүүлөрдүн маңызына тереңдеп киришкен эмес. Ал документтерде өлкөдөгү кырдаалды туруксуздаштыра турган «миналар» камтылганын билдирди.

Депутат мыйзам долбоорлорундагы бир нече негизги көйгөйлүү жагдайларды белгиледи:

Сот өндүрүшү жана юриспруденция: Сот өндүрүшүн, адвокаттык жана нотариалдык ишмердүүлүктү жалаң гана мамлекеттик (кыргыз) тилинде жүргүзүү сунушталууда. Бул айыпталуучуга сот өндүрүшүнүн тилин тандоо укугун берген колдонуудагы Жазык-процесстик кодексин бузат.

Банк чөйрөсү: Бардык насыялык жана банктык келишимдер мамлекеттик тилде гана таризделиши керек болот.

Жарандардын укуктары: Жаңы ченемдер жарандарды бардык документтерди кыргыз тилинде даярдоого милдеттендирет, ал эми зарыл болгон учурда расмий (орус) же башка тилге котормону өз эсебинен нотариалдык жактан күбөлөндүрүп жасатышы керек болот. Депутат бул котормо компанияларынын кызыкчылыктарын сүрөөсү мүмкүн деп кооптонду.

Билим берүү: Мектеп окуучулары үчүн башталгыч класстардан баштап мамлекеттик тил боюнча класстан класска көчүрүү экзамендери киргизилүүдө, муну Кожокулова «балдарды шылдыңдоо» деп эсептейт.

Экономика: Мындай чаралар кесипкөй кадрлардын, анын ичинде IT чөйрөсүнөн сыртка агымын шартташы мүмкүн, бул жогорку технологиялар доорунда өлкө үчүн «кырсык» болот.

Гүля Кожокулова сунушталган демилгелер «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамга гана эмес, Кыргызстандын Конституциясынын кеминде 13 беренесине түздөн-түз карама-каршы келерин баса белгиледи. Тактап айтканда, мамлекеттик тилди колдонуунун милдеттүүлүгү этностордун өз эне тилин колдонуу укугун кемсинтпеши керек деген ченем, ошондой эле орус тилинин расмий макамы жөнүндө жобо бузулууда.

«Биз өзүбүз отурган бутакты өзүбүз кыйып жатабыз. Мындай мыйзам долбоорлору бизди артка кетирет», — деди ал.

Учурда парламент мыйзам долбоорлорунун топтомун экинчи окууда кароого даярданууда. Депутаттын маалыматы боюнча, талаштуу ченемдерди өзгөртүү боюнча сунуштарды болгону төрт гана парламентарий киргизген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>