Кыргызстанда медициналык билим берүүдө мамлекеттик монополия киргизилди

28.08.2025 | 20:03

Кыргызстанда медициналык билим берүү тармагына мамлекеттик монополия киргизилди. Аталган мыйзамга президент кол койду.

Эми өлкөдөгү бардык жеке медициналык университеттер милдеттүү түрдө мамлекеттик аккредитациядан өтүшү керек.

Мындай чечимдин себеби — клиникалык базасы жана квалификациялуу окутуучулары жок ЖОЖдордун көбөйүшү, анын айынан билим деңгээли төмөн адистер даярдалып жаткандыгы белгиленди.

Маалыматка ылайык, аккредитациядан өткөн жеке окуу жайлары Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын (КММА) филиалдары же түзүмдүк бөлүмдөрү катары иш алып бара алышат. Алар академиянын толук академиялык жана усулдук жетекчилиги астында иштейт.

Ал эми талаптарды аткара албаган ЖОЖдор даярдык курстарынын форматында же окуу-клиникалык базаларда гана иштөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Бул учурда дагы алардын иши КММАнын окуу-методикалык жетекчилиги менен жүргүзүлөт.

Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top