«Манас-Ордо» комплексин мастабдуу түрдө жаңылоо иши уланууда. Учурда кайсы иштер жасалдыСокулукта жаранды травматикалык тапанча менен атып, жарадар кылган шектүү кармалдыКР автожолдорунда «Автоураган» иштей баштады — алар кайда орнотулган жана эмнелерди каттайтДастан Бекешев депутаттарга эмне үчүн малды башка бирөөнүн талаасына коё бербеш керектигин түшүндүрдү16-апрелде Бишкектин четиндеги бир катар конуштарда ичүүчү суу өчүрүлөтКир жана гигиена каражаттарынын жоктугу. Акыйкатчы Бишкек шаардык ИИББдин атайын кабыл алуу жайына барды
Кыргызстанда мектеп формасы өзгөрбөйт
26.08.2025 | 10:00

Кыргызстанда окуучулардын мектеп формасына өзгөрүү киргизилбейт. Бул тууралуу Агартуу министри Догдургүл Кендирбаева билдирди.
Министрдин айтымында, мыйзам боюнча Кыргызстан светтик мамлекет болуп саналат жана Министрлер кабинети бекиткен тартип толугу менен сакталууга тийиш.
«Кыздар ак кофта, кара юбка, балдар ак көйнөк, кара шым кийгени жетиштүү. Балдар бирдей форма кийиши керек. Учурда ата-энелер менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат», — деди Кендирбаева.
Ошентип, жаңы окуу жылында мектеп формасына эч кандай өзгөртүүлөр киргизилбейт.
Рубрики: Жаңылыктар