Министрлер Кабинети эсептик-контролдук маркаларды берүүнү жана колдонуу тартибин жөнгө салуучу жаңы жобону бекитти. Ага ылайык, минералдык жана газдалган суусундуктар эсептик-контролдук марка менен милдеттүү түрдө маркалана баштайт. Токтом «Эркин-Тоо» гезитине жарыяланган.
Маалыматка ылайык, бул чечим айрым товарлар топторун өндүрүүнүн жана импортун контролдоону камсыз кылуу жана мамлекетке болгон салыктык түшүүлөрдү көбөйтүү максатында кабыл алынган.
Токтомго ылайык, 2025-жылдын 15-июнунан баштап ТН ВЭД 2201 коду менен классификациялануучу таңгакталган, анын ичинде минералдык жана газдалган суусундуктар эсептик-контролдук марка менен милдеттүү түрдө маркаланышы керек.
Ошондой эле 2026-жылдын 1-февралынан тарта эсептик-контролдук марка менен маркаланбаган мындай суусундуктардын жүгүртүлүшүнө тыюу салынат.
Тиешелүү токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.