Кыргызстанда орус тили билим берүүнүн жана маданияттын тиреги бойдон калууда

26.09.2025 | 11:57

Глобалдашуу шартында орус тили баарлашуу каражатынан сырткары, дүйнөгө терезе болуп эсептелет. Ал эми бул жаатта Кыргызстандагы абал кеңири регионалдык тенденцияны чагылдырат. Борбор Азиянын көпчүлүк өлкөлөрүндө орус тили улуттук эмес, эл аралык баарлашуунун, илимдин, бизнес жана маданияттын тили катары өз ордун сактап келет. Ал ар кандай этносторду бириктирип, чектештик кызматташууну жеңилдетет жана интеграциянын маанилүү фактору бойдон калууда. Бул тууралуу Snob.kg жазды.

Кыргызстан үчүн, этникалык жана тилдик ар түрдүүлүк улуттук өзгөчөлүктүн бөлүгү болуп эсептелгендиктен, орус тили байланыш булагынын ролун аткарат. Ал муундар, региондор жана кесиптик коомчулуктар ортосунда диалогду сактоого мүмкүндүк берет. Мындан сырткары, орус тили эл аралык уюмдарда, жумуш базарында жана билим берүү чөйрөсүндө дагы суроо-талапка ээ бойдон калууда.

КРнын Мамлекеттик тил комиссиясынын жетекчиси Мелисбек Мураталиев орус тилин колдонууга каршы эместигин белгилеп, бирок мамлекеттик тил катары кыргыз тилин өнүктүрүүнү маанилүү деп эсептейт. Документацияны кыргыз тилинде жүргүзүүнүн талаптарын күчөтүү — бул тилди институционалдык жактан бекемдөөгө жасалган кадам. Бирок системалуу колдоосу жок бул аракеттер формалдуу бойдон калышы мүмкүн.

Кыргызстандын тил саясаты эки багытта турат: бир жагынан улуттук тилди бекемдөө, экинчи жагынан сапаттуу билимге жана глобалдык маалыматка жеткиликтүүлүктү сактоо. Бул шартта орус тили Кыргызстанда билим берүү жана маданияттын негизги ролун аткарат.

Көп тилдүү жана этникалык ар түрдүүлүк шартында орус тили нейтралдуу платформа катары кызмат кылып, ар кандай топтор ортосунда диалогду курууга мүмкүндүк берет. Казакстанда, Өзбекстанда, Тажикстанда жана Түркмөнстанда ал илимий конференцияларда, макалаларда, келишимдерде жана биргелешкен долбоорлордо колдонулуп келет. Бул өзгөчө жаштар үчүн маанилүү, анткени орус тили университеттерге, гранттарга жана стажировкаларга жол ачат.

Мындан тышкары, орус тили маданий көпүрө болуп, Совет доорунан кийинки мейкиндикти бай адабият, философия жана искусство мурастары менен байланыштырууда. Анын жардамы менен Борбор Азия классикага, заманбап публицистикага, театрга, кино жана медиага жеткиликтүүлүктү сактап, кеңири маданий салт менен диалогдо өз иденттүүлүгүн түзүүдө. Орус тили баарлашуунун каражаты жана региондун маданий эс-тутуму менен интеллектуалдык өнүгүүсүнүн маанилүү элементи бойдон калууда.

Автор: Ксения Гасс

Scroll to Top