Кыргызстан менен Россия агросектордогу кызматташтыкты күчөтөт: Москвадагы жолугушуулардын жыйынтыгы4-апрель: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайтСогуштан кийинки дүйнө: баатыр шаарлар жана эс тутум тууралуу талаш-тартыштарБишкекте иттер сол салган баланы ооруканага жеткирген милиция кызматкери андан кабар алдыБишкекте ЖАМКтын подполковниги бассейнге чөгүп бараткан кызды сактап калды — чоо-жайыКыргызстандык спортчу Венгриядагы дзюдо турниринде биринчи орунду жеңип алды
Кыргызстанда пландуу электр энергиясын өчүрүүлөр жок
04.11.2025 | 20:00

Энергетика министринин биринчи орун басары Эмилбек Ысманов өлкөдө электр энергиясын пландуу өчүрүү болбогонун билдирди. Анын айтымында, кээ бир райондордо гана чыңалуу маселелери, авариялык жагдайлар же көмөк чордондордун ашыкча жүктөлүшү учурунда электр өчүрүлүшү мүмкүн.
Ысманов жарандарды электр энергиясын үнөмдүү колдонууга чакырып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышканын белгиледи. Ал кышында суунун көлөмү аз болгон Токтогул суу сактагычынын жана электр чубалгыларындагы авариялык кырдаалдардын алдын алуу зарылдыгын эскертти. Кышында энергия керектөөсү жайкы мезгилге салыштырмалуу эки-үч эсе көбөйөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом