Көпчүлүк аймактарга кар жаайт: 11-мартка карата аба ырайыАскердик прокуратура ӨКМдин мурдагы башчысы Урматбек Шамыркановго карата кылмыш ишин козгодуМуфтият: Орозо айт 20-мартта белгиленетАк-Бата конушунда 650 орундуу жаңы мектептин курулушу башталдыКыргызстан ITB Berlin 2026 көргөзмөсүндө туристтерди тартууга аракет кылуудаЖогорку сот журналист Махабат Тажибек кызынын өкүмүн жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөттү
Кыргызстанда “Шайн Мускат” жүзүмү сыноо үчүн өстүрүлүп жатат
20.05.2025 | 16:32
Айыл чарба министрлиги Кыргызстанда мөмө-жемиштердин жаңы сорттору сыналып жаткандыгын маалымдады. Анын арасында былтыркы жылы Кыргызстанда популярдуу болгон жүзүмдүн “Шайн Мускат” сорту да бар.
Сыноолор эң туруктуу, түшүмдүү жана Кыргызстандын климаттык шарттарына ыңгайлашкан сортторду аныктоо максатында жүргүзүлүп жатат. Анда ооруларга жана зыянкечтерге туруштук берүүгө, бышып жетилүү мезгилине, даамга жана узак мөөнөткө сактоого, ошондой эле экспортко ылайыктуулугуна өзгөчө көңүл бурулат.
Сыноолорго коюлган сорттордун тизмеси:
- Алма: Стори Иноред;
- Кара өрүк: Блэк Даймонд;
- Алмурут: Деведжи, Этрушка;
- Жүзүм: Юпитер, Ред Глобус, Шайн Мускат, Ламборджини, Маникюр манжа, Сето киш-мише;
- Өрүк (эрте сорттору): Микадо, Зираат 0900;
- Шабдалы: Копакабана; Гилас: Эрли Лори, Свит Лоренц, Свит Стефани (Италия), Стаккато (Канада);
- Малина: Делвива;
- Бүлдүркөн: Кара Жем;
- Карагат: Титания, Биг Бен;
- Кулпунай: Портола, Сан Андреас;
Сыноолор ийгиликтүү аяктагандан кийин, дыйкандарга өстүрүүгө жана экспорттоого ылайыктуу болгон жаңы, жогорку сапаттагы сорттор сунушталат.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика