Кыргызстанда соттолгондор жатак абактарды жоюуга каршы чыгышууда
Бакыт (аты өзгөртүлдү) Орусияда баңги заттарды жасап сатууга байланыштуу кармалып, соттолгон. Ага 17 жылга эркинен ажыратуу өкүмү чыгарылып, анын 4 жылын Орусияда өтөгөн. Андан кийин Кыргызстандын абагына которулуп, ал жерде 6 жылдан бери отурат.

Жакшы жүрүм-туруму жана абак администрациясынын оң баасы үчүн аны жатак абакка которушкан. Бакыт өзүнүн күнөөлүү эместигин, аны алдап кетишкенин билдирди. Анын айтымында, негизинен ушул берене боюнча соттолгон ар бир бешинчи адам күнөөлүү эмес.
Бирок, айткандай мындай «күнөөлүү эместер» абактагылардын теңине жетет. Оор эмес берене менен соттолгондор жакшы жүрүм-турумуна байланыштуу түзөтүү мекемесинен жатак абакка которулат. Бул ошол эле түрмө, бирок жеңилдиктери бар. Соттолгондор үйүнө кетип, абактагы жумушуна кайра келсе болот. Бирок Кыргызстанда дээрлик бардык жатак абактар жоюлган. Бир гана Чүй облусунун Молдовановка айылында калган.
«Жатак абактарды жоюп жатышканын туура эмес деп эсептейм. Анткени КМШдагы бир да өлкөдө мындай абактар жоюлган эмес, алар баарында бар. Тескерисинче, жеңил беренелер менен аз мөөнөттөрдү өтөп жаткан адамдар миллиондогон акчалар коротулган түрмөлөрдө отурбай, ошол жерде эмгектене алышы үчүн аларды өнүктүрүп, ферма, завод, фабрикаларды ачыш керек эле. Бул жерде ферма бар, уйлар бар. Кээ бирөөлөр уйларды кайтарат, кээ бири чөп-чарын берет же сүтүн саайт. Бакчалар да бар. Жумуш жетиштүү, нааразы болууга негиз жок», — деди соттолгон адам.
Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы жатак абактарды жоюу бекитилген план боюнча жүрүп жатканын билдирди. Калган соттолгондор өз мөөнөтүн өтөп жатышат, ал эми башкалар үчүн пробациялык көзөмөл каралууда.
Белгилей кетсек, пробациялык көзөмөл жатак абактардын көптөгөн функцияларын кайталайт.