Кыргызстанда соттук отурумдарды түз эфирде алып берүү башталды

Кыргызстандын Жогорку соту калкка соттук отурумдарды трансляциялоону баштады. Учурда долбоор пилоттук режимде киргизилүүдө. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2025-жылдын ноябрь, декабрь айларында ар түрдүү категориядагы иштер боюнча сот отурумдарын видеого тартуу башталган. Бардык сот отурумдарынын видеожазуулары Жогорку соттун YouTube-каналына (www.youtube.com/@JOGORKU_SOT) жайгаштырылат.
Долбоордун башкы максаты — сот адилеттигин калк үчүн мүмкүн болушунча ачык жана түшүнүктүү кылуу болуп саналат.
“Видеоматериалдар пилоттук режимде даярдалган жана агартуу максатын гана көздөйт. Үчүнчү жактар тарабынан коммерциялык максатта пайдаланууга, ошондой эле автордук укук ээсинин уруксатысыз көчүрүүгө жана таратууга жол берилбейт”,- деп билдирди Жогорку сот.
Эске салсак, ушул жылдын майында президент Садыр Жапаров Кыргызстанда соттук отурумдарды телевидение, радио аркылуу же интернет тармагында түз эфир режиминде трансляциялоого уруксат берген мыйзамга кол койгон.
Жазык-процесстик кодексинин 290-беренесине ылайык, процесс катышуучуларынын өтүнүчү боюнча же соттун демилгеси менен сот отурумдарын реалдуу убакыт режиминде онлайн-трансляциялоого шарт түзөт. Мындай түз эфир теле-радио аркылуу жана интернетте жүргүзүлүшү мүмкүн.