Кыргызстанда «Сынган кылыч» жана «Ажар» тарыхый тасмалары тартылат

19.01.2026 | 17:44

Кыргыз эл жазуучусу Төлөгөн Касымбековдун «Сынган кылыч» тарыхый романынын негизинде тасма тартылат. Бул тууралуу маданият министринин орун басары Марат Тагаев Жогорку Кеңештин комитетинде билдирди.

Анын айтымында, 10 жыл мурун «Курманжан Датка» тасмасы тартылган. Андан бери мындай тарыхый тасма деле тартыла элек.

“Азыр «Сынган кылычты» тартуу боюнча Улуттук кеңештин чечими чыккан. 2026-жылга анын сценарийин иштеп чыгуу жана каржысын эсептөө бекитилген. Сценарийди жазууга Султан Раев макулдугун берди”,- деп билдирди.

Тагаев «Сынган кылычты» тартуу иштерин 2027-жылы, 2026-жылдын аягы менен баштоо пландалып жатканын билдирди.

Мындан тышкары орун басар кинорежиссёр Актан Арым Кубат «Ажар» повестинин негизинде тасма тартууну көздөп жатканын билдирди. Анын айтымында, 2026-жылдын аягы менен «Ажар» тасмасы тартыла баштайт.

Марат Тагаев учурда 1842-46-жылдардагы тарых боюнча сценарийлер иштелип жатканын кошумчалады.

“Бул боюнча биз 2028-жылы «Сынган кылычты» өндүрүшкө коё бергенден кийин, иш жүргүзө баштайбыз. Бизге майда тасмалар эмес, жалпы улуттук идеологияга багытталган тарыхый тасмалар керек, ошондуктан ушундай иштер жүрүп жатат”,- деп айтты ал.

Scroll to Top