Дастан Бекешев: Орунтаев менен мэр Бишкекти маскаралап бүтүштүЯндекс Кыргызстан экономикага кошкон салымы үчүн Экономика министрлигинин сыйлыгын алдыИИМ мектеп окуу китептерин сатуу боюнча кылмыш иши козголгонсун тастыктадыКыргызстан АКШдан 10 магистралдык жүк ташуучу локомотив сатып алатКараколдун мэри Иманов — Ширшовдун фондунун миллиарддары, туризм жана сындар тууралууЭрлист Акунбеков Пекиндеги форумда транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүнүн төрт багытын сунуштады
Бишкек абанын булгануу деңгээли боюнча 1-орунду ээледи
19.01.2026 | 18:00
19-декабрга карата Кыргызстандын борбору абанын сапаты боюнча дүйнөлүк рейтингде (World Air Quality Index) 1-орунду ээледи.
Учурдагы AQI индекси 449 бирдикти түзөт. Эл аралык классификацияга ылайык, булгануунун мындай деңгээли «өтө зыяндуу» болуп эсептелет. Бирок Чоң-Арык сыяктуу айрым райондордо абанын сапаты дээрлик 800 AQIге жетип жатат — бул абанын катастрофалык түрдө жогорку булгануу деңгээли жана ден соолук үчүн өзгөчө коркунучту билдирет.

Абанын булгануу деңгээли боюнча сунуштар
- «Жакшы» (0-50) көрсөткүчүндө сыртта ээн-эркин жүрүүгө болот.
- Абанын сапаты «Орточо» (51-100) болгондо, сезгич адамдарга сыртта узак убакыт жүрүүдөн кармануу сунушталат.
- «Зыяндуу» (101-150) жана андан жогорку деңгээлдерде сыртта болуу убактысын чектөө зарыл.
- «Өтө зыяндуу» (150-249) учурда үйдөн чыкпай коюу абзел.
- Ал эми «Кооптуу» (250+) деңгээлде кыска убакытка болсо да сыртка чыгуудан баш тартуу керек.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом