ӨКМ: 2-апрелге чейин айрым ашууларга кар көчкү түшүүсү күтүлөт1-апрелде Бишкектин бир бөлүгүндө суу өчүрүлөт29-мартка карата аба ырайыЭл аралык олимпиада комитети аялдар арасындагы мелдештерге трансгендерлердин катышуусуна тыюу салдыБишкекте Кожевенная көчөсү оңдоого жабылатКыргызстанда органдарды трансплантациялоо программасы кеңейтилүүдө: бөйрөк бекер алмаштырылат, кезекте — боор
Кыргызстанда такси айдоочуларына көзөмөл күчөтүлөт
06.09.2024 | 12:09
Кыргызстанда такси айдоочуларына көзөмөл күчөтүлөт. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Башкармалыктан белгилешкендей, акыркы кезде тажрыйбасы жок айдоочулар тиешелүү документтерди чогултпастан, уюлдук тиркемелер аркылуу такси кызматына кирип, иштеп жатышат. Көзөмөл жок болгондуктан андай айдоочулар эс алуу режимин сактабай, күнү-түнү уктабай, чарчаңкы абалда элди ташууда. Анын айынан жол кырсыктары да болгон учурлар болууда. Ага байланыштуу жол милициясы такси айдоочуларына көзөмөлдү күчөтүүнү чечкен.
Такси айдоочулары жол эрежесин бузган учурда 0777 102 102 номерине кабар берсеңиздер болот.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом