Кыргызстанда таттуу суусундуктарга жана туздуу азыктарга акциздик салыкты жогорулатуу сунушталууда

Кыргызстанда таттуу суусундуктарга жана туздуу азыктарга салынган акциз салыгын көбөйтүү сунушталууда. Мындай демилге Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан уюштурулган жыйында талкууланып, ага мамлекеттик органдардын, бизнес-түзүмдөрдүн жана эл аралык уюмдардын (ДСУ, ЮНИСЕФ) өкүлдөрү катышты.
Маалыматка ылайык, учурда кант камтылган суусундуктардын 1 литрине канттын көлөмүнө карабастан 3 сом өлчөмүндө бирдей акциз колдонулат. Жаңы демилге боюнча акциздин өлчөмүн продукциянын курамындагы канттын көлөмүнө жараша белгилөө сунушталууда:
- 100 млде 5 г чейин кант болсо – 1 литрине 5 сом;
- 100 млде 5–8 г кант болсо – 1 литрине 7 сом;
- 100 млде 8–11 г кант болсо – 1 литрине 9 сом;
- 100 млде 11 гдан жогору кант болсо – 1 литрине 11 сом.
Ошондой эле энергетикалык суусундуктарга 1 литрине 20 сом өлчөмүндө туруктуу акциздик ставка киргизүү каралууда.
Мындан тышкары туздун көлөмү жогору болгон продукцияларга (чипсы, сухарик ж.б.) төмөнкүдөй акциздик салыктарды белгилөө сунушталды:
- 100 гда 1,2 г чейин туз болсо – 0 сом;
- 100 гда 1,2–1,5 г туз болсо – 100 г үчүн 5 сом;
- 100 гда 1,5–2,0 г туз болсо – 100 г үчүн 10 сом;
- 100 гда 2,0–2,5 г туз болсо – 100 г үчүн 15 сом;
- 100 гда 2,5 гдан жогору туз болсо – 100 г үчүн 20 сом.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, өлкөдө 84 миңден ашык кант диабети менен ооруган жаран катталган жана алардын саны жыл сайын 5–7 миң адамга көбөйүүдө. Гемодиализ үчүн мамлекеттик бюджеттен жылына 2 млрд сомдон ашык каражат жумшалат. 2023-жылдын көрсөткүчүнө ылайык, Кыргызстанда балдардын 9%ы ашыкча салмакка ээ.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, дүйнөнүн 116 өлкөсүндө кант жана туз көп камтылган азыктарга карата салыктык механизмдер колдонулат.
Акцизден түшкөн каражаттар мамлекеттик бюджетке багытталып, саламаттык сактоо тармагындагы максаттуу программаларды, анын ичинде оорулардын алдын алуу жана дарылоо долбоорлорун каржылоого жумшалары айтылды.