Телефон шылуундары кыргызстандык жарандарга дээрлик 49 млн сомдук материалдык зыян келтирген. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Кылмыш иликтөө башкармалыгынын маалыматтык-техникалык камсыздоо жана IT технологиялар чөйрөсүндөгү кылмыштар менен күрөшүү бөлүмүнүн башчысы Акрам Кадыржанов билдирди.
“Жалпы 48 млн 803 миң сом материалдык зыян келтирилгендиги аныкталды. Бул сумманын 20 млн 658 миң сому жабыркагандарга кайтарылып берилди”, — деди Кадыржанов.