Талас мамлекеттик университетинин жаңы имараты курулуудаОш шаарындагы Курманжан Датка көчөсүнө акация көчөттөрү отургузулдуШайырбек Ташиев депутаттык мандатын тапшырдыТИМ: Жакынкы Чыгыштагы кыргызстандыктарды эвакуациялоонун кезектеги этабы башталдыСот аткаруучулар кызматынын жетекчисинин орун басары Кубанычбек Капаловдун cөөгү табылдыБШК депутат Курманкул Зулушевди мандатынан ажыратты
Кыргызстанда террористтик топтун активдүү мүчөсү кармалды
13.03.2023 | 09:39
УКМК тарабынан жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Кыргызстандын чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн деген шек менен чет мамлекеттин 1982-жылы туулган М.И.М. аттуу жараны кармалды.
Аталган ведомстводон билдиришкендей, кармалган жаран Россиянын аймагындагы жашыруун террористтик топтун активдүү мүчөсү болгон.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, М.И.М. 2022-жылдын октябрында Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз өтүп келгендиги такталган. Кармалган М.И.М. жасалма паспорт алып, андан кийин Сириянын аймагындагы куралдуу кагылыш болгон аймакка барууну пландаганы аныкталды.
Учурда УКМК тарабынан КР аймагындагы М.И.М.нын шериктерин аныктоого жана кармоого багытталган тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом