Сузакта аялдарды мыйзамсыз окуткан медресе аныкталды

Сузакта аялдарды мыйзамсыз окуткан медресе аныкталды

Сузак РИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлери тарабынан «Экстремист» аталышындагы ыкчам-иликтөө жана алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, аталган операция учурунда жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин натыйжасында Сузак районунун Атабеков айыл аймагынын тургундары 1967-жылы туулган К.С. жана 1964-жылы туулган Т.Д. “Хизб ут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун мүчөлүгүнөн баш тартышып, буга чейинки кадамдары туура эмес экендиктерин билдиришти.

Мындан сырткары Сузак айыл өкмөтүнө караштуу Арал айылында жайгашкан “Хадича Бинт Хувайлид” атындагы медресеси эч кандай уруксат кагаздары жок аялдарга жана окуучу кыздарга мыйзамсыз диний сабактарды окутуп жаткандыгы аныкталган.

Бул окуяга байланыштуу Сузак районунун Сузак  айыл аймагынын тургуну 1983-жылы туулган Б.Р. (аял киши) аттуу жаранга Кыргызстандын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 142-беренесинин (Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө мыйзамдарды бузуу) негизинде  протокол түзүлүп, 5500 сом айып пул салынган.

Ыкчам алдын алуу иш-чарасы учурунда диний экстремисттик уюмдардын мүчөсү катарында милициянын каттоосунда турган атуулдар менен профилактикалык иштер жүргүзүлүп, алардын ар биринен эмне жумуш менен алектенип жаткандыгы боюнча түшүнүк каттар алынды.

Ошондой эле диний экстремизмдин алдын алуу максатында район аймагындагы каттодон өткөн медреселерде, диний окуу борборлорунда, мечиттерде жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

“Экстремист” операциясы учурунда 3 кылмыш ишинин бети ачылган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>