Кыргызстанда туристтик мезгил башталды

Кыргызстанда туристтик мезгил башталды

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 2025-жылдын туристтик мезгилинин ачылышына арналган салтанаттуу иш-чараларга катышты.

Программа кол өнөрчүлөрдүн жана элдик чыгармачылыктын эл аралык жарманкесин көрүү менен башталды, анда Кыргызстандын бай маданий мурасын чагылдырган уникалдуу кол өнөрчүлүк буюмдары, ошондой эле туристтик фирмалардын түрдүү сунуштары коюлду. Жарманкенин өзгөчөлүгү – кыргыз элинин өнөрүн, каада-салтын көрсөткөн боз үйдү тез чогултуу боюнча сынагы болду.

Жарманкенин катышуучуларын жана конокторун куттуктап жатып, Адылбек Касымалиев туризмдин дүйнөлүк экономикадагы негизги ролун белгилеп, Кыргызстан бул тармакты активдүү өнүктүрүп, туристтерди тартууга жагымдуу шарттарды түзүп жатканын кошумчалады.

Андан соң төрага “Туризм-2030: Борбор Азия бирдиктүү туристтик мейкиндик катары” эл аралык форумунун салтанаттуу ачылышына катышты.

Соңунда Адылбек Касымалиев 2025-жылдагы туристтик мезгилдин расмий ачылышын жарыялады.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>