Кыргызстанда Ядролук медицина борбору түзүлөт

Министрлер кабинети Улуттук онкология жана гематология борборунун базасында Ядролук медицина борборун түзүү тууралуу чечим кабыл алды.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, министр Эркин Чечейбаев Бишкекте өткөн эл аралык конференцияда бул долбоордун стратегиялык маанисин белгилеп, Кыргызстандагы онкологиялык кызматты өнүктүрүүдө маанилүү кадам болорун айтты. Ошондой эле долбоорду «Росатом» мамлекеттик корпорациясынын колдоосу менен ыкчам ишке ашырууга үмүт бар экенин кошумчалады.
Мындан тышкары, Индиянын өнөктөштөрү менен заманбап жабдууларды — сызыктык ылдамдаткычты жеткирүү боюнча келишимдерге жетишилди. Бул онкологиялык кызматтын техникалык базасын чыңдоого өбөлгө түзөт.
Чечейбаевдин айтымында, онкологиялык кызмат Кыргызстанда кеңири реформалардан өтүп жатат. Негизги максат — диагностика сапатын жогорулатуу жана бейтаптардын жашоо көрсөткүчүн жакшыртуу.
«Биз онкологиялык ооруларды дарылоодо эң алдыңкы технологияларды киргизүүгө умтулабыз», — деди министр.