Кыргызстанда мөңгүлөрдү жана Ысык-Көлдү коргоо боюнча фонд түзүлөтОш шаарында баңги жана психотроптук заттарды сатууга шектелген жарандар кармалдыАяз Баетов юстиция министри кызматынан бошотулуп, анын ордуна Алмаз Айылчиев дайындалды8-сентябрь: айрым аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйтБилеттердин баасы, Lufthansa, Милан жана форум: Манасбек Самидинов — КР авиациясынын пландары тууралууКазакстан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын медалдык эсебинде биринчи орунду алды — Аскат Алагозов
Медик, мугалим жана мамлекеттик кызматкерлерге кол көтөргөндөргө жаза күчөтүлөт
11.09.2025 | 14:15

Жогорку Кеңеште медиктерди, мугалимдерди жана мамлекеттик кызматкерлерди коргоого багытталган мыйзам долбоору биринчи окууда колдоо тапты.
Документке ылайык, кызматтык милдетин аткарып жаткан адамдардын ден соолугуна залал келтирилсе, күнөөлүүлөргө 50 миңден 100 миң сомго чейин айып пул салынышы мүмкүн.
Эгерде иш үстүндөгү кызматкерге зомбулук көрсөтүлсө же коркутуу-үркүтүү болсо, жаза дагы катаалдашат: 50–100 миң сом айып пул же 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратуу каралууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом