Кыргызстанда жаңы окуу жылы башталды

02.09.2024 | 10:33

Бүгүн, 2-сентябрда Кыргызстандагы бардык мектептерде биринчи коңгуроо кагылып, жаңы окуу жылы башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Биринчи сабак 1-4-класстарга “Билим – бул күч” темасында, 5-11-класстын окуучуларына “Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар” темасында өтүлүүдө.

Өлкө боюнча 2 миң 173 мамлекеттик, 204 жеке менчик мектеп бар. Анда 1,5 миллионго жакын окуучу билим алып, 90 миңден ашуун мугалим эмгектенет.

2024-жылы 431 мектеп оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, 27 жаңы мектеп курулду.

Белгилей кетсек, быйыл 1-сентябрь дем алыш күнгө туура келгендиктен, жаңы окуу жылы 2-сентябрдан башталды.

Scroll to Top