Бишкекте 1,2 млн долларга Улуттук вакцина кампасы курулат: долбоордун чоо-жайыБалыкчы шаарынын кире беришине жаңы арка курулууда«Bulgari» зергер үйүнүн чеберлери 50 кыргызстандыкты зер буюмдарынын дизайнына окутатЧуңкурчакта жапайы түлкүгө ок атышкан. Милиция 4 эркек кишини аныктадыСаламаттык сактоо министрлиги жана ДСУ Кыргызстандын алыскы аймактарында санариптик медицинаны кеңейтүүнү макулдашты«Кыргызнефтегаздагы» коррупция: Шайырбек Ташиев 16-майга чейин тергөө абагына киргизилди
Кыргызстанда жашылча-жемиштердин баасы төмөндөдү: Орусия жана Казакстан менен салыштыруу
03.10.2025 | 12:30

Айыл чарба министрлиги 1-октябрга карата Кыргызстан, Орусия жана Казакстандагы негизги азык-түлүк баалары боюнча мониторинг жүргүздү.
Маалыматка ылайык, Кыргызстанда сабиз, пияз жана картошкага болгон баалар төмөндөдү.
Негизги баалар:
- нан (1-сорт) – 65,7 сом;
- сабиз – 50 сом;
- картошка – 39,4 сом;
- пияз – 31,6 сом;
- ун (жергиликтүү, 1-сорт) – 35 сом;
- май (каймак) – 635,1 сом;
- май (өсүмдүк) – 151,8 сом;
- кумшекер – 76,7 сом;
- макарон – 75,7 сом.
Салыштырмалуу, Казакстанда:
- сабиз – 32,8 сом;
- пияз – 26,4 сом;
- өсүмдүк майы – 180,2 сом;
- макарон – 91,7 сом.
Орусияда:
- сабиз – 60,7 сом;
- пияз – 57,7 сом;
- өсүмдүк майы – 165,6 сом;
- макарон – 97,6 сом.
«Мониторинг Кыргызстандагы базардагы баалар Орусияга жана Казакстанга салыштырмалуу кээ бир азыктарда төмөн, кээ бирлеринде орто деңгээлде экенин көрсөттү», — деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.