Кыргызстанда жеке клиникалар рак оорусун дарылоого уруксат алды

Кыргызстанда онкологиялык ооруларды дарылоодо мамлекеттик монополиядан чыгуу тууралуу чечим кабыл алынды. Мурда бул иштерди мамлекеттик клиникалар гана жүргүзчү, эми жеке клиникаларга да уруксат берилди. Бул тууралуу Президенттин администрациясынын жетекчисинин орун басары Азамат Кадыралиев билдирди.
А. Кадыралиевдин айтымында, буга чейин рак оорусуна кабылган бейтаптар жакшы дарыгерге көрүнүү үчүн көпкө күтүшчү жана көп учурда чет өлкөгө барып дарыланууга аргасыз болушчу. Эми жеке клиникаларда дарылануу мүмкүнчүлүгү пайда болуп, ар бир мүнөт баалуу учурларда бейтаптарга жеңилдик түзүлөт.
Ал эми Юстиция министрлигинин башчысы Аяз Баетов белгилегендей, учурда жеке клиникаларга эки лицензия берилген. Ал мамлекет дагы деле көзөмөлдү сактап турганын жана бейтаптарга тандоо укугу берилгенин кошумчалады.