Кыргызстанда жогорку кызматты ээлеген жаштар — тизме

Кыргызстанда жогорку кызматты ээлеген жаштар — тизме

Кыргызстанда мамлекеттик жооптуу кызматты аркалаган жаш кадрлар аздыр-көптүр бар. Reporter.kg 35 жашка чейин жогорку кызматка дайындалган жаш жетекчилердин тизмесин топтоду.

Бексултан Ибраимов, 28 жашта

Бексултан Ибраимов – жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары. 1993-жылы 6-декабрда төрөлгөн. Бул кызматка 2021-жылы  дайындалган.

Эрмат Жумаев, 31 жашта

Эрмат Жумаев – Каракол шаарынын мэри. 1990-жылы 19-октябрда төрөлгөн. Мэрлик кызматка 2021-жылдын июнь айында келген. Ага чейин мэрдин милдетин аткаруучу болгон. Кыргыз техникалык университетинде билим алган.

Эрбол Султанбаев, 31 жашта

Эрбол Султанбаев – президенттин маалымат катчысы. 1991-жылы 10-августта Бишкек шаарында төрөлгөн. Бул кызматка Султанбаев былтыр май айында келген.  Андан мурда президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысынын орун басары кызматын ээлеген. 2013-жылы Кыргыз-орус славян университетинин экономика факультетин аяктаган. 2015-жылы Россиянын интеллектуалдык менчик мамлекеттик академиясын “Интеллектуалдык менчик. Патент таануу” багыты боюнча бүтүргөн. 2016-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын магистратурасын аяктаган.

Союзбек Надырбеков, 31 жашта

Союзбек Надырбеков — маданият министринин орун басары. 1990-жылы  16-сентябрда Ош облусунда төрөлгөн.  2021-жылдын декабрь айында орун басарлык кызматка дайындалган. Андан мурда Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинде директордун орун басары кызматын ээлеп келген. 2009-2013-жылдары Бишкек гуманитардык университетин “чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер” факультетин, 2009-2011-жылдары Кореянын Чунг-Анг университетин “ички жана тышкы саясат” багыты боюнча аяктаган. 2015-2017-жылдары Президентке караштуу мамлекеттик башкаруу академиясында “мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу” багыты (магистратура), 2017-жылы “саясий институттар” багыты (аспирантура) боюнча билим алган.

Азамат Сакиев, 33 жашта

Азамат Сакиев – “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын башкы директору. 1989-жылы 20-февралда туулган. “Кыргыз темир жолу” ишканасын былтыр 25-июндан тарта жетектеп баштаган. Ага чейин “Кыргыз темир жолундагы” мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүнүн башчысы болгон. Биринчи билимин Улуу Британияда  “менеджмент” адистиги боюнча алган (Nottingham University UK International Business, 2010-жыл). Андан кийин Эл аралык башкаруу, укук, каржы жана бизнес академиясында “финансы жана кредит” адистигине ээ болгон (2021-жыл).

Нурадил Баясов, 33 жашта

Нурадил Баясов Инвестициялар жана өнүктүрүү боюнча агенттиктин жетекчисинин орун басары. Эмгек жолун Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигиндеги соода саясаты жана тышкы соода бөлүмүндө алдыңкы адис болуп баштаган. Кыргыз экономикалык университетинин алдындагы соода-экономикалык колледжин, банктык иш факультетин аяктаган. 2012-жылы президенттин алдындагы Башкаруу академиясында финансы жана кредит факультетин бүтүргөн.

Азамат Жаманкулов, 34 жашта  

Азамат Жаманкулов – маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри. 1987-жылдын 27-сентябрында Талас облусунда туулган. 2008-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетин “Мекемедеги менеджмент” адистиги боюнча аяктаган. 2011-жылы Кыргызстандын Эл аралык университетинде “финансы” адистигине билим алган. Учурда ал Министрлер кабинетиндеги эң жаш министр жана аталган кызматты экинчи ирет аркалап отурат. Алгач ал маданият министри кызматында 2018-2020-жылдары иштеген. 2020-жылы октябрь окуяларынан кийин кызматтан кетип, кайра былтыр 13-октябрда министр болуп дайындалган.

Дастан Дүйшекеев, 34 жашта

Дастан Дүйшекеев – Кыргызстандын Казакстандагы элчиси. 1987-жылы 12-декабрда Ысык-Көл облусунда төрөлгөн. Элчилик кызматка 2021-жылы 9-августта дайындалган. Ага чейин президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп турган. 2010-жылы Кыргыз улуттук университетинин “тарых жана аймак таануу” адистиги боюнча аяктаган. 2011-2015-жылдары Россиянын Тышкы иштер министрлигинин дипломатиялык академиясында “эл аралык мамилелер” адистигине окуган.

Чыңгыз Эсенгул уулу, 35 жашта

Чыңгыз Эсенгул уулу – маданият министринин орун басары. 1987-жылы 14-июнда Нарында туулган. Министрдин орун басары кызматына былтыр октябрь айында келген. Ага чейин өкмөттүн маалыматтык камсыз бөлүмүнүн башчысы болгон. Кыргыз улуттук университетин “бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит” адистиги боюнча бүтүргөн. Ошондой эле Тышкы иштер министрлигинин дипломатиялык академиясын аяктаган.

Талантбек Бекташов, 35 жашта

Талантбек Бекташов — юстиция министринин орун басары. 1986-жылы 2-ноябрда Жалал-Абад облусунда туулган. Орун басарлык кызматка 2021-жылы июнь айында келген.

Манасбек Самидинов, 35 жашта

Манасбек Самидинов – “Манас” эл аралык аэропортунун башкы директору. 1986-жылы 14-ноябрда төрөлгөн. “Манас” аэропортунун башкы директорлук кызматына 2022-жылдын июль айында келген.

Орозбек Сыдыков, 35 жашта

Орозбек Сыдыков – юстиция министринин орун басары. 1987-жылы 7-майда Ош облусунда төрөлгөн. Аталган кызматка былтыр 1-июнда дайындалган. Ага чейин министрликтин Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгынын жетекчисинин орун басары болгон. Ош мамлекетинде юристтик кесипке билим алган. (2012-жыл), 2015-2017-жылдары Президенттин алдындагы мамлекеттик башкаруу академиясында магистратурасын окуган (“Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу”).

Алтынбек Бегалиев, 35 жашта

Алтынбек Бегалиев Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары. 1986-жылы 10-декабрда Ысык-Көл облусунда туулган. Архитектура агенттигинин директорунун орун басарлыгына ушул жылдын 6-июлунда дайындалган.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>