Сот аткаруучулар кызматынын жетекчисинин орун басары Кубанычбек Капаловдун жансыз денеси табылдыБШК депутат Курманкул Зулушевди мандатынан ажыратты14-март: Өлкөдө күн ачык болотКыргызстандын товарлары Өзбекстандын рыногуна чыгууда: 500 миң долларлык экспорттук келишимге кол коюлдуДүйнөлүк банк Камбар-Ата-1 ГЭСин курууну аймактын энергетикалык коопсуздугунун негизги фактору деп атадыМаданият кызматкерлеринин айлыгы 35 миң сомго чейин көтөрүлүп, 117 мекемеге кызматтык унаа берилет
Кыргызстанда жыл аягына чейин “Рулда” аттуу рейд жүрөт
21.11.2023 | 21:32
Кыргызстандын аймагында «Рулда» аталышында профилактикалык багытта рейддик иш-чара өткөрүлүүдө. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, рейд коомдук коопсуздукту сактоо, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, жол кырсыктарынын алдын алуу жана аны болтурбоо максатында бүгүнкү күндөн тартып, декабрь айынын аягына чейин өткөрүлүлөт.
Рейдде айрыкча ылдамдыкты ашыкча ашырып айдаган айдоочуларга жана мас абалында унаа башкарган айдоочуларга катуу чаралар көрүлөт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар