Курулуш министрлиги: Жыл аягына чейин Кыргызстанда 36 мектеп курулатПрезидент Садыр Жапаров Түркмөнстанга иш сапары менен барат«Музейлер эксперименталдык боло алабы?»: Бишкекте куратор Чарльз Эшенин лекциясы өтөтБекешев: TikTok’ту бөгөттөн чыгарууга азыр УКМК гана каршы болуудаБекешев кортеждердин санын азайтып, «күркүрөгөн» унааларга чара көрүүгө чакырдыБишкекте уюлдук телефондорду мыйзамсыз алып кирүүгө шектелип чет элдиктер кармалды
Ошто батирде бекилип калган 3 бала куткарылды
21.11.2023 | 21:46
Ош шаарында куткаруучулар эшиги бекилип калган батирден 3 баланы алып чыгышты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка караганда, Ош шаарынын Салиева көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринде жашаган жаран батирине кире албай калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Батирдин ичинде 8, 5 жана эң кичүүсү 2 жашар балдар болгон.
Жерине келген куткаруучулар кол шаймандардын жардамы менен эшикти ачып, балдарды чоң атасына өткөрүп беришти. Балдар медициналык жардамга муктаж эмес.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары балдардын жакындары менен профилактикалык баарлашуу өткөрүп, баланы кароосуз калтырбоого чакырышты.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар