Кыргызстандагы алгачкы шамал электр станциясы жалпы тармакка электр энергиясын бере баштады
Кыргызстандын тарыхындагы алгачкы шамал электр станциясы расмий түрдө тармакка алгачкы мегаватттарды бере баштады. Бул тууралуу «Жашыл» станциялар ассоциациясынын жетекчиси Кундуз Кырбашева билдирди.
Шамал электр станциясы Балыкчы шаарында жайгашкан. Объекттин кубаттуулугу 100 мегаваттка эсептелип, анын өндүрүштүк дарамети жылына 250 млн кВт/саат электр энергиясына жетет. Долбоор ата мекендик «Мэтрум ТЭК» компаниясы тарабынан ишке ашырылды.
Кундуз Кырбашеванын айтымында, станциянын ишке кириши пландардан реалдуу генерацияга өтүүнү билдирип, өлкөнүн шамал энергетикасын өнүктүрүүдө жаңы этапты ачат. Электр станциясы Ысык-Көл облусун энергия менен камсыздап, ал эми ашыкчасын CASA-1000 эл аралык долбоорунун алкагында экспортко багыттоо пландалууда.