Кыргызстандагы суу кризиси: Мөңгүлөр эрүүдө, жакырчылык өсүшү мүмкүн. Өкмөт жаңы стратегия даярдоодо

Кыргызстан олуттуу чакырыкка туш болду: өлкөдөгү «суу стресси» аймактагы коңшу мамлекеттердикинен да жогорулап, критикалык деңгээлге жетти. Мөңгүлөрдүн тез эриши жана климаттын өзгөрүшү айыл чарбасын гана эмес, мамлекеттин экономикалык туруктуулугун да коркунучка салууда. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Алмаз Жээналиев конференцияда билдирди.
Кооптуу деңгээлдеги стресс
Министрдин орун басары Дүйнөлүк ресурстар институтунун тынчсыздандырган маалыматтарын атады: Кыргызстандагы суу стресси 3,28 баллды түзүп, «жогорку стресс» категориясына кирет.
«Салыштыруу үчүн, Казакстан менен Өзбекстан орточо деңгээлде 2,51 жана 2,54 көрсөткүчтөрүнө ээ. Демек, Кыргызстанда суу ресурстары кыйла катуу басымга туш болуп жатат», — деди Жээналиев.
Бул суу көлөмүнүн азайышы, дарыялардын агымынын төмөндөшү жана айыл чарба менен өнөр жайдагы керектөөнүн өсүшү себеп болгон «коркунуч туудуруучу белги».
Негизги коркунуч – мөңгүлөрдүн жоголуп баратышы
Министрдин айтымында, эң чоң тобокелдик — бул мөңгүлөрдүн тездик менен кыскарышы. Алар – аймактагы таза суунун башкы булагы.
«Адистердин баалоосу боюнча, 2050-жылга карата мөңгүлөрдүн көлөмү 46%га чейин азайышы мүмкүн. Бул суу менен камсыздоо жана ирригациянын туруктуулугуна түздөн-түз коркунуч жаратат», — деп эскертти Жээналиев.
Азыр эле ирригацияга болгон муктаждык 6%га өсөт деп болжолдонууда. Инфраструктура жаңыртылган күндө да сууга болгон суроо-талап бар болгон запастан да ашып кетет. Бул, өзгөчө калктын 60%ы айыл жеринде жашаган Кыргызстан үчүн, азык-түлүк коопсуздугуна түз коркунуч жаратат.
Климаттын өзгөрүшү өлкөгө түз экономикалык чыгым алып келүүдө. Дүйнөлүк банктын изилдөөлөрүнө таянып, Жээналиев төмөндөгүдөй коркунучтуу божомолдорду айтты:
- XXI кылымдын ортосуна карата адам башына эсептелген ИДП 2,4%га төмөндөшү мүмкүн;
- 2040-жылга карата жакырчылык 2,2%га өсүп, жакырлардын саны 170 миң адамга көбөйүшү ыктымал.
Мунун алдын алуу үчүн өкмөт бир нече системалуу чараларды көрүүдө:
- 2040-жылга чейинки Улуттук суу стратегиясы: сууну туруктуу башкаруунун мыйзамдык базасы түзүлдү;
- Жаңы Суу кодекси: Башкаруунун ачык-айкын системасын түзүүгө багытталган документтин жаңы редакциясы кабыл алынды. Алгач ирет сууну пайдалангандыгы үчүн төлөмдөрдү адилеттүү кылган механизмдер киргизилди;
- 2026–2031-жылдарга мамлекеттик программа: ирригацияны жана суу менен камсыздоону жакшыртуу боюнча атайын программа иштелүүдө;
- Илимий изилдөөлөр: жакынкы 25–30 жылга суу ресурстарын комплекстүү изилдөө боюнча мамлекеттик заказ кабыл алынды. Бул чечимдерди божомол менен эмес, так илимий маалыматтарга таянып кабыл алууга мүмкүнчүлүк берет.
Аймактык жоопкерчилик
Алмаз Жээналиев Кыргызстанды Борбор Азиянын «суу мунарасы» катары белгилеп, анын аймак үчүн маанисин өзгөчө баса белгиледи.
«Суунун негизги бөлүгү биздин жерден чыгып, бүткүл аймакты камсыз кылат. Кыргызстанды суу жана тоо өлкөсү катары бекемдөө — стратегиялык милдет жана жалпы жоопкерчилик», — деди ал.
Ошондой эле Жээналиев Кыргызстан менен эл аралык өнөктөштөрдүн, анын ичинде Орусия жана Казакстандын, климаттык маселелер боюнча көз караштары толук шайкеш экенин айтып, бул жагдай аймактын жашоо үчүн маанилүү ресурстарын коргоодо натыйжалуу кызматташууга жол ачарын белгиледи.