Кыргызстандан колдонулган автоунаалардын катализаторлорун экспорттоого тыюу салынышы мүмкүн. Мындай сунуш экономика министрлиги тарабынан абанын булганышын азайтуу максатында берилди. Тиешелүү токтомдун долбоору коомдук талкууга коюлду.
Демилгечилер белгилегендей, катализатор адамга зыян келтирүүчү газды жок кылат. Андан сырткары, унаанын бул бөлүгүндө радий, палладий жана платина сыяктуу баалуу металлдар бар. Бул техникага болгон суроо-талаптын жогору болгондугунан унаадан чыгарылып, сатылып жаткан учурлар көп кездешүүдө дешет адистер.
Алсак, жыл сайын колдонулган техникалардын экспортунун көлөмү төмөнкүдөй:
2017-жылы 169.5 миң тонна глушитель жана 1.2 млн $ түтүктөр;
2018-жылы 908 миң $ 33.9 тонна техника;
2019-жылы 1 млн $ техника;
2020-жылдын 11 айында экспорттун колөмү 929.3 миң тоннаны түзүп, 10.1 млн $ жеткен.