Кыргызстан Сауд Арабиясынан жарандарды кайтаруу үчүн Жидда – Ош каттамын жандантатПрезидент Кыргызстандын Катардагы элчисин дайындадыЖогорку Кеңеште антикинолорду жабуу сунушталдыКыргызстандыктар БАЭден Оман аркылуу эвакуацияланат — Садыр ЖапаровБишкекте Ирандын элчилигинин алдында тилектештик акциясы өтүүдөБишкекте мурдагы «Чатыр-Көл» кинотеатрынын ордуна маданий борбордун курулушу башталды
Кыргызстандык балбан Билол Шарип уулу жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында коло медаль тагынды
28.10.2025 | 11:05

Кыргызстандык балбан Билол Шарип уулу Сербиянын Нови-Сад шаарында өткөн жаштар арасындагы эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатында коло медаль тагынды.
Дене тарбия жана спорт агенттиги кабарлагандай, ал 65 килограммга чейинки салмак категориясында күч сынашып, АКШ, Грузия жана Казакстан балбандарын утуп, жарым финалга чейин жеткен.
Финалга чыгуу үчүн таймашта өзбекстандык балбанга утулуп калганына карабастан, 3-орун үчүн күрөштө Азербайжандын өкүлүн 1 мүнөт 57 секунддун ичинде 10:0 эсебинде утуп, коло байге ээледи.
Бул мелдеште кыргыз балбандары жалпы төрт медаль утушту:
- Нурзат Нуртаева — кыз-келиндер күрөшүндө (72 кг) алтын,
- Өмүрбек Асан уулу — эркин күрөштө (61 кг) күмүш,
- Гүлнур Таштанбекова — кыз-келиндер күрөшүндө (68 кг) коло,
- Билол Шарип уулу — эркин күрөштө (65 кг) коло.