Кыргызстанда бир жумада КРВИ жана сасык тумоо менен 5,5 миңден ашык адам ооруду: бейтаптардын 75%ы — балдарБишкекте чыр: блогер соттук-медициналык экспертизанын кызматкери менен тил табыша алган жокАйыл чарба министрлиги кайра иштетүүчүлөр менен уруксат берүүчү документтерди жөнөкөйлөтүүнү талкууладыЖапаров Бердымухамедов менен жолукту — эмнелер талкууландыКыргызстанда калктуу конуштарда көчмө май куюучу жайларга тыюу салуу сунушталуудаБишкекте 80 млн сомго жаңы терапия бөлүмү курулду — сүрөт
Кыргызстандык балбан Билол Шарип уулу жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында коло медаль тагынды
28.10.2025 | 11:05

Кыргызстандык балбан Билол Шарип уулу Сербиянын Нови-Сад шаарында өткөн жаштар арасындагы эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатында коло медаль тагынды.
Дене тарбия жана спорт агенттиги кабарлагандай, ал 65 килограммга чейинки салмак категориясында күч сынашып, АКШ, Грузия жана Казакстан балбандарын утуп, жарым финалга чейин жеткен.
Финалга чыгуу үчүн таймашта өзбекстандык балбанга утулуп калганына карабастан, 3-орун үчүн күрөштө Азербайжандын өкүлүн 1 мүнөт 57 секунддун ичинде 10:0 эсебинде утуп, коло байге ээледи.
Бул мелдеште кыргыз балбандары жалпы төрт медаль утушту:
- Нурзат Нуртаева — кыз-келиндер күрөшүндө (72 кг) алтын,
- Өмүрбек Асан уулу — эркин күрөштө (61 кг) күмүш,
- Гүлнур Таштанбекова — кыз-келиндер күрөшүндө (68 кг) коло,
- Билол Шарип уулу — эркин күрөштө (65 кг) коло.