Жабыркаган аскер кызматкеринин абалы туруктуу оор бойдон калууда – Саламаттык сактоо министрлигиКыргызстандын Айыл чарба министрлиги урук чачуу мезгилинде балык уулоого убактылуу чектөө киргиздиХоккей боюнча дүйнө чемпионатында Кыргызстандын курамасы Болгарияны жеңдиЖаратылыш ресурстары министрлиги «Жашыл мурас» программасынын алкагында Токмокто эки миң көчөт отургуздуОшто Ак-Буура дарыясынын жээгиндеги дубалдардагы жазуулар өчүрүлүүдөКыргызстандын курама командасы Түркиядагы каратэ боюнча дүйнө чемпионатында 9 алтын медаль жеңип алды
Айсулуу Тыныбекова тууралуу тартылган документалдык тасманын трейлери чыкты – видео
08.01.2020 | 16:31
Америкалык Рейчел Сайн күрөш боюнча дүйнөнүн чемпиону, кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова тууралуу документалдык тасма тартты. Анын трейлери жарыяланды.
Рейчел Сайн тасманы 2018-жылы тартып баштаганын жана ал Айсулуу Тыныбекованын алдыга койгон максаттарына жетерине ишенгенин билдирди.
«Айсулуу өз өлкөсүнүн гана эмес бүтүндөй күрөш дүйнөсүнүн тарыхын кайра жазып жатат. Аталган тасма элдерге кызык болот», – деп айткан ал.
Сайн бүгүнкү күнү дүйнө чемпионун көрүп коюу оңой эле, бирок бул ийгиликке жетүү үчүн анын күрөштөгү 10 жылын көрүү жөнөкөй нерсе эмес экенин да баса белгилеген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом