Кыргызстандык бийчилер Италияда өткөн турнирде 1-орунду ээлешти
Кыргызстандын спортчулары Италияда өткөн эл аралык бий турниринде алтын медаль утушту. Бул тууралуу Кыргызстандын бий спорт федерациясынын президенти Cергей Титунин билдирди.
Анын маалыматына караганда, 2023-жылдын 18-февралында Италиянын Пестум шаарында спорт, бал бийи боюнча “WDSF Open taken place in Paestum – Italy-2023” жыл сайын өтүүчү эл аралык турнир болуп өттү.
Турнирге Италия, Германия, Молдова, Украина, Румыния, Франция жана башка көптөгөн Европа мамлекеттеринин спортчулары катышты. Турнир Бүткүл дүйнөлүк спорт бий федерациясынын -WDSF колдоосу астында өттү.
Бул турнирде Кыргызстандын бий спорт федерациясынын бийчилери мыкты жыйынтыктарды көрсөтүштү.
“WDSF Open taken place in Paestum – Italy-2023″ турниринин жаштар, латина категориясында биздин жаш бийчилер Владимир Вырлеев менен Мария Прошлецова 19 жуптун ичинен алтын медалга ээ болуп, биринчи орунду ээлешти. Биз аларга ыраазычылык билдиребиз”, – деп айтылат Cергей Титуниндин билдирүүсүндө.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз