Кыргыз профессионал театрына 100 жыл: Бишкекте республикалык театр фестивалы өтөт«Балага сүйүнчү»: Кыргызстанда төлөмдү алуу эрежелерин өзгөртүү сунушталуудаКыргызстан менен Монголия жашылча-жемиштерди жана кургатылган мөмөлөрдү жеткирүүнү талкуулаштыКыргызстанда айрым полимердик пакеттерди жана пластмасса буюмдарын өндүрүүгө жана сатууга тыюу салынат«Кыялым орундалды»: Айсулуу Тыныбекова «Полчанки 2» тасмасындагы ролу тууралууБишкекте №37 жаңы автобус каттамы ишке кирди
Ошто аскер бөлүктүн кызмат адамдарына кылмыш иши козголду
20.02.2023 | 09:51
Ош облусунда Коргоо министрлигине караштуу аскер бөлүктүн биринин кызмат адамдарына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка караганда, Ош гарнизонунун аскер прокуратурасы тарабынан УКМКнын контрчалгындоо Башкы башкармалыгы менен биргеликте аскердик мүлктүн максаттуу пайдаланышына карата текшерүү жүргүзүлгөн.
“Текшерүүнүн жүрүшүндө аскер бөлүктүн жооптуу кызмат адамдары жалпы суммасы 2 млн 298 миң 708 сомдук ар кандай материалдык баалуулуктарды мыйзамсыз коротууга жол беришкендиги аныкталды”, – деп айтылат маалыматта.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (“Ишенилип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу”) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз