Кыргызстандык чабандестер конкур боюнча Дүйнө кубогунун этабында мыкты жыйынтык көрсөтүштү

Кыргызстандык чабандестер конкур боюнча Дүйнө кубогунун этабында мыкты жыйынтык көрсөтүштү

Кыргызстандын ат спорту боюнча курама командасы конкур боюнча Евразия лигасынын Дүйнө кубогунун этабында мыкты жыйынтык көрсөтүштү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

Дүйнө кубогунун этабы Казакстандын борбору Астанада 28-май — 1-июнь күндөрү өттү.

Конкур боюнча кыргызстандык чабандес Камиль Сабитов “Фигаро” аты менен 1-орунду ээледи. Ал эми Ринат Галимов “Грей Даргуж” аты менен 2-орунду ээледи.

Экөө тең бийиктиги 160 см болгон тоскоолдуктар коюлган маршрутту айып упайларын албастан өтүп, эң жакшы убакыт көрсөткүчү менен жыйынтыкташкан. Агенттик бул кыргызстандык чабандестердин жогорку деңгээлдеги даярдыгын жана профессионалдуулугун далилдегенин билдирди.

Ошондой эле, жаш аттар менен катышкан кыргызстандык курама командалык конкурда 3-орунду ээлешти.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>