Кыргызстандык эки боксчу Азия чемпионатында 2 коло медаль утту

Кыргызстандык эки боксчу Азия чемпионатында 2 коло медаль утту

Кыргызстандык эки боксчу Таиландда өткөн Азия чемпионатында 2 коло медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Коло байгени Рыспек Бектенов (60 кг) жана Мирзохид Имамназаров (63,5) тагынды.

Азия чемпионатына 21 өлкөдөн 210 мушкер катышты. Эркектер арасында 13 жана кыз-келиндер арасында 12 салмак боюнча таймаштар өттү.

Кыргызстандын курама командасы мелдешке башкы машыктыруучу Данияр Төлөгөн уулу жана улук машыктыруучу Акыйкат Абаевдин жетекчилиги алдында катышты.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>