Кыргызстандык эки суучул Катардын борбору Доха шаарында өтө турган дүйнө чемпионаты катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
2-18-февраль күндөрү өтө турган дүйнө биринчилигине Кыргызстандан Денис Петрашов менен Елизавета Печерских барат.
Курама команда мелдешке башкы машыктыруучу Евгений Петрашовдун жетекчилиги алдында катышат. Дүйнө биринчилигинде жалпы 76 комплект медаль ойнотулат.