“Көлбаев Сапар Исаковду колдогон”. Жапаров кримчөйрө менен байланышын четке какты

“Көлбаев Сапар Исаковду колдогон”. Жапаров кримчөйрө менен байланышын четке какты

Президент Садыр Жапаров кезектеги маегинде маркум кримтөбөл Камчыбек Көлбаев менен байланышын жана аны 2020-жылкы октябрь окуясында колдоосун четке какты.

Анын айтымында, бул маалыматты атаандаштары менен “Азаттык” таркаткан. Ал  жылдары кримтөбөл мурдагы премьер-министр Сапар Исаковго колдоо көрсөткөн.

“6-октябрь күнү ал Сапар Исаковго “Атамбаев экөөңөр мына ушул унаа менен жүргүлө” деп сооттолгон «Мерседес» унаасын белек кылган. 8-октябрда кримчөйрөнүн балдарына “Сапар Исаков менен Атамбаевдин группасын колдогула” деген буйрук берген», — дейт ал.

«Биз андай маалыматтарды ИИМдин атайын бөлүмү аркылуу телефон сүйлөшүүлөрүнөн угуп турганбыз”, — дейт Садыр Жапаров.

Президенттин маалыматында, 2020-жылдын 9-октябрында Бишкектеги “Ала-Тоо” аянтында өткөн митингге криминал дагы катышкан.

“Эсиңерде болсо, ошол күнү карапайым эл “бириккен күчтөрдү” аянттан кубалаганда Сапар Исаков менен Атамбаев Камчы Көлбаев белек кылган зооттолгон унаа менен аянттан качышкан. Ошондо белгисиз бир киши травматикалык тапанча менен унааны эшикке аткан. Ал унаа ушул күнгө чейин бир жер төлөдө сакталып туруптур. Желим ок тийген эшиги оңдолбостон, ошол эле бойдон экен”, — дейт Садыр Жапаров.

2020-жылы Атамбаев Көлбаевдин адамдары Сапар Исаковго белек кылган унаа менен аянттан качкан

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>