Кыргызстан хоккей боюнча чемпионатта Түркмөнстанды утту

26.04.2025 | 09:01

Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы Түркмөнстандын курамасын 8:1 эсебинде жеңип алды.

Беттеш 25-апрелде Түркиянын Стамбул шаарында үчүнчү дивизиондун (А тайпасы) командалары арасындагы Дүйнө чемпиондугунун 3-турунун алкагында өттү.

Кыргызстандын командасы турнирдик таблицада 1-орунда келе жатат.

Жыйынтык төмөнкүдөй:

– Кыргызстан 5:2 Түштүк Африка

– Кыргызстан 6:0 Люксембург

– Кыргызстан 5:1 Босния жана Герцеговина

– Кыргызстан 8:1 Түркмөнстан

Кыргызстандык хоккейчилер эми Түркиянын командасы менен беттешет. Бул турнирдин жыйынтыгы менен экинчи дивизионго бир гана команда жолдомо алат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top