Ушул жылдын январында Кыргызстанга 220 млндон ашык доллар которулган2025-жылы Кыргызстандын корголуучу аймактарында 139 мыйзам бузуу аныкталдыСадыр Жапаров Казакстандын президентин улуттук референдумдун өткөрүлүшү менен куттуктадыИюль айында Бишкек – Бээжин багыты боюнча жаңы авиакаттам ачылатӨзбекстандан келген 82 миңден ашык көчөт артка кайтарылды17-мартка карата аба ырайы
Кыргызстандык кийим тигүүчү компания АКШ менен Европага кийим сата баштады
24.06.2022 | 14:08
DiSORELLE бренди менен продукция чыгарган кыргызстандык «Сабрина-Амика» кийим тигүүчү фирмасы өз товарларын Евробиримдиктин жана АКШнын базарларында сата баштады. Бул тууралуу Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Компания Ready4Trade долбооруна катышкан. Ал электрондук соода жана бизнес көндүмдөрүн алды. Азыр фабрика ай сайын 5000ге жакын даяр кийимдерди чыгарат.
Буга чейин бренд Wildberries жана Lamoda базарларында өнүмдөрдү сатчу. DiSORELLE эми USAIDдин eBay Борбордук Азия борбору менен биргелешкен демилгесинин алкагында өзүнүн товарларын eBay сайтында тизмелеп, аны ЕБ жана АКШ базарларында сатууга мүмкүндүк берди.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика