Кыргызстандык «Курак» тасмасы Пусан эл аралык кинофестивалында эки сыйлык жеңди

26.09.2025 | 17:16

17–26-сентябрь күндөрү Түштүк Кореяда Азия жана Океания чөлкөмүнүн эң ири маданий аянтчасы — Пусан эл аралык кинофестивалы болуп өттү. Анда кыргызстандык «Курак» тасмасы эки сыйлык жеңип алды. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, кыргызстандык режиссёрлор Эрке Жумакматова менен Эмиль Атагельдиевдин «Курак» тасмасы бир эле учурда эки сыйлыкка: «Бангладеш – Июль мемориалдык сыйлыгы» жана белгилүү режиссёр Ким Жисеок атындагы сыйлыкка ээ болгон.

Ошондой эле фестивалдын башка программаларында кыргыз авторлору өз долбоорлорун сунушташкан. Самара Сагынбаева «Кооп коңгуроосу» тасмасы менен «Кең бурч» программасына катышса, Томирис Орозоева «Убакыт чөлүндө» долбоору менен Пусан Азия кино мектебине кабыл алынган. Ал эми Дастан Жапар Рыскелди «Азия Долбоорлор базарында» «Бөбөктөй илешкек» аттуу долбоорун тааныштырган.

“Пусан фестивалы — Азия жана дүйнөлүк кинонун башкы өндүрүштүк жана чыгармачыл борборлорунун бири. Кыргызстандын катышуусу улуттук кино өнөрүнүн жаңы деңгээлге көтөрүлүшүнө, эл аралык таанымдуулугу менен жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн ачылышына өбөлгө берди”,- деп билдирди министрлик.

Scroll to Top