Ысык-Көлдү тазалоо иштери жүрүүдө. Суучулдар көл түбүнөн миң метр эски торду чыгарыштыБишкек шаарында Черногориянын Ардактуу консулдугу ачылдыАраванда депутат уюштурган көмүскө кумар ойноочу жай аныкталдыИран АКШ жана Израиль менен болгон чыр-чатакта чабуул коюу тактикасына өткөнүн жарыяладыАФК 2031- жана 2035-жылкы Азия Кубокторун өткөрүүгө билдирмелерди кабыл алууну токтоттуБарскоон – Каракол унаа жолуна 8 жер алдындагы өтмөк курулат
Кыргызстандык окуучу кыз Германияда өткөн информатика боюнча олимпиадада коло жеңди
21.07.2025 | 17:59

Кыргызстандык окуучу кыз-келиндер арасындагы информатика боюнча европалык олимпиадада (EGOI – 2025) коло медаль жеңип алды. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, олимпиада Германиянын Бонн шаарында өткөн. Агадүйнөнүн 60тан ашуун өлкөсүнөн келген кыз-келиндер катышкан.
Кыргызстандын атынан Акжолтоева Айпери, Шабданалиева Айпери, Даниярова Мерида жана Кадырова Айганыш катышкан. Олимпиаданын жыйынтыгы боюнча Акжолтоева Айпери коло медалды багындырган.
Кыргызстандык команданы Артём Беляев жана Сагына Акматалиева жетектеп барган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар