Курулуш министри Бишкекте курулушу токтоп калган үйлөрдүн үлүш ээлеринин көйгөйүн уктуУлуттук банк: Кыргызстан 2027-жылы юань менен облигация чыгарышы мүмкүнБишкекте өнөр жайды өнүктүрүү боюнча аймактык форум өтөтКыргызстандык окуучулар күзгү каникулга 11-ноябрдан 15-ноябрга чейин чыгышатБишкекте блокадагы Ленинграддын тургуну болгон Галина Тольская дүйнөдөн кайттыСалык кызматы өз атынан чалып жаткан алдамчылар тууралуу эскертти
Кыргызстандык окуучу кыз Германияда өткөн информатика боюнча олимпиадада коло жеңди
21.07.2025 | 17:59

Кыргызстандык окуучу кыз-келиндер арасындагы информатика боюнча европалык олимпиадада (EGOI – 2025) коло медаль жеңип алды. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, олимпиада Германиянын Бонн шаарында өткөн. Агадүйнөнүн 60тан ашуун өлкөсүнөн келген кыз-келиндер катышкан.
Кыргызстандын атынан Акжолтоева Айпери, Шабданалиева Айпери, Даниярова Мерида жана Кадырова Айганыш катышкан. Олимпиаданын жыйынтыгы боюнча Акжолтоева Айпери коло медалды багындырган.
Кыргызстандык команданы Артём Беляев жана Сагына Акматалиева жетектеп барган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар